Дата добавления: 2016-12-22
Исполнитель: Айым Айылчиева, Аяна Касымова
Рейтинг: 0
Название песни: Атам менен энеме
Продолжительность mp3: 03:44
Текст просмотрен: 323
Другие песни исполнителя Айым Айылчиева, Аяна Касымова
Сөзү : Т. Кожомбердиевдики
Обону : Ж. Кайыповдуку
Жүрөсүңөр жашап-иштеп алыста,
Чоло тийбейт ай өткөрбөй барышка.
Ак эмгекти актайын деп уулуңар,
Билим үчүн түшкөн узак жарышка.
Ойлоорсуңар санаа тартып, камыгып,
Садагалап, караанымдан кагылып.
Силер мени самагандай жол карап,
Мен да жүрөм өзүңөрдү сагынып.
Силер анда, мен күнчүлүк алысмын,
Заманамдан калбай келет жарышкым.
Алпештеген энем менен атакем,
Экөөңөргө өмүр бою карызмын.