Асел Касмакунова - Кара жорго ( KG Жылдыздар SUPER.KG )


Дата добавления: 2017-01-05

Исполнитель: Асел Касмакунова

Рейтинг: 0    

Название песни: Кара жорго ( KG Жылдыздар SUPER.KG )

Продолжительность mp3: 03:51

Текст просмотрен: 229

Скачать

Другие песни исполнителя Асел Касмакунова

Текст песни:

Кара Жорго болбосо,
Бийдин шаңы келеби?
Кош этек көйнөк кийбесе,
Кыздын шаңы келеби?

Козголушсун делебе
Кан тарасын денеге
Кара Жорго болбосо,
Тойдун шаңы келеби?

Кайырма:

Кара Жорго бийлеңиз!
"Кой!" десе да койбоңуз
Кош жүрөктүн шаттыгын
Дал ушундай тойлоңуз!

Келе бербес ыңгайга
Мындай шартту күн кайда?
Ойноңуздар агайын
Бийлеңиздер мындайда!

Бийле Бийле, жигиттер
Жанып турган үмүттөр
Чыкмайынча токтобо
Маңдайыңдан тунук тер

Бийле, кыздар, буралып
Бирге сайран куралы
Жалындасын от сезим
Жүрөк турсун кубанып!

Кайырма:

Кыздарыбыз наздансын
Жүрөк кылын козгосун!
Көргөн кезде жигиттер
Талып түшө жаздасын!

Ашыктарга тил катып
Жүрөктөрдү жыргатып
Кызга жигит кошулуп
Бийлөө деген бир бакыт

Кайырма:

Кара Жорго бийлеңиз!
"Кой!" десе да койбоңуз!
Кош жүрөктүн шаттыгын
Дал ушундай тойлоңуз!

Келе бербес ыңгайга
Мындай шартту күн кайда?
Ойноңуздар агайын
Бийлеңиздер мындайда.

Бийле бийле, сулуу кыз
Бийлегенден талбаңыз
Былкылдасын муунуңуз
Кырсылдасын манжаңыз

Бийле,жеңе,бийлегин!
Мына тойлор күн келди
Салабатуу агабыз
Бийге тартсын жеңемди!

Возможно, вам понравятся также:

группа КРУГ и Игорь Саруханов - Кара-Кум

Асель Касмакунова - Кара Жорго

Добр - Кара Жорго

Комментарии:

Добавить комментарий



Каптча:

Главная | Исполнители | Песни | Новости | Правообладателям |