Дата добавления: 2017-04-23
Исполнитель: Non Stop
Рейтинг: 0
Название песни: Апаке
Продолжительность mp3: 04:20
Текст просмотрен: 270
Другие песни исполнителя Non Stop
Апакем, ак жүрөк, асыл адам,
Жүрөгүн балдарына арнаган.
Кайгырбай, санаадан алыс болчу,
Ооруба апаке.
Апакем, жашоомду нурга бөлөп,
Көп жаша, эркеңе болуп жөлөк.
Атыңды ыйык тутам ар убак,
Аман бол берекем.
Кайырма:
Апакебай, өмүрүң узун болсун,
Апакебай, кайгыдан алыс болгун.
Апакебай, жүрөгүм арнайм сага,
Апаке, апаке.
Апаке, ак сүтүң актаар бекем?
Ар дайым кубантып жүрсөм экен.
Буюрса тилектер ишке ашат,
Ооруба апаке.
Апакем, ырыскы булагындай,
Алтыным, мээримиң күн нурундай.
Эркелеп кичине балапандай,
Жүрсөм дейм жаныңда.
Кайырма